www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 28-ноябрь күнү кечинде БШКнын маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтайым Үмөталиева чыр чыгарды.
Үмөталиева парламенттик шайлоого «Жашасын Кыргызстан» партиясынын атынан катышты. Ал аталган партиянын талапкерлеринин тизмесинде №1 болчу.
«Менде суроо көп. Автоматтык эсептөө урналарынын сертификаттары барбы? Качан текшерүүдөн өттү эле? Мен 2017-жылдагы маалыматтарды алдым. Программалык камсыздоосун ким иштеп чыккан?», - деп сурады Үмөталиева.
Ал аны Нурлан деген адамга жөнөтүшкөнүн, бирок ал жооп бербей жатканын жана Узарбек Жылкыбаевди күнөөлүү кылып коюшканын айтты.
«Мен бул балдарды күнөөлөгүм келбейт. Алсу Кармабековна жооп берсин», - деди Үмөталиева.
«Мен жөнүндө айтылып калды...», - деп жооп берип баштаган Ужылкыбаев.
«Мага сенин жообуң кереги жок», - деп сөзүн бөлдү Үмөталиева.
«Эмне үчүн Кармабековна күнү-түнү сервер жайгашкан жердеги Матраимовдун штабы жакта жүрөт? Программалык камсыздоону биздикилер иштеп чыктыбы? Жооп берсин», - деди ал.
Жылкыбаев бири-бирин сыйлоого чакырды.
«Чоң саясий кампания аяктап жатат. Баарыбыз иштедик», - деди ал.
Үмөталиева эмне үчүн анын партиясына талапкерлерди каттоо жөнүндө документтерди кеч беришкенин сурады.
«Мен сизди сыйлап, кворум жок болсо дагы партияңыздын съездине баргам», - деди Жылкыбаев.
Бирок анын сөзүн Үмөталиева менен модератордун кайым-айтышы бөлдү.
Маалымат жыйындын модератору иштөөгө мүмкүн эмес экенин айтып, спикерлердин жооп берүүсүн токтотту.
«Биз колдонуп жаткан бардык программалар мыйзамга ылайык, анын ичинде электрондук башкаруу мыйзамы боюнча мамлекеттик органдар пайдаланган программалардын реестрине катталат», - деп жооп берди Нуржан Шайлдабекова.
Булак: NazarNews.kg