www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң таасирдүү өлкөлөр кайсылар?

Американын «The CEOWORLD magazine» бизнес журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Бул рейтинг 2021-жылга тиешелүү.

Тизмени түзгөндө 11 себеп — аскердик күч, эл аралык альянс, өлкөнүн жетекчилигине болгон урмат-сый, эл аралык соода жана саякат, экономикалык кубаттуулук, маданият, дипломатиялык таасир, глобалдык диаспоралар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасири, муктаждарга жардам көрсөтүү жана башка дүйнө менен байланыш эске алынган.

Тизмеге жалпы 57 өлкө кирди. Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, алдыңкы 10 өлкөнүн катарын АКШ, Кытай, Россия, Германия, Франция, Улуу Британия, Япония, Индия, Италия жана Израиль ээлеген.

Ал эми акыркы орундарга Румыния (55-орун), Пакистан (56-орун) жана Словакия (57-орун) жазылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости