www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жириновскийдин сөзү Россиядагы улутчул кыймылдардын өкүлдөрүн активдүү аракеттерге шыктандырат. Мындай пикирди саясатчы Дүйшөн Чотонов айтты. 

--"Мындай окуя көп өлкөлөрдө кездешүүчү турмуш-тиричилик конфликт эле. Ошондой болсо да, биздин укук коргоо органдары буга көңүл бурушту. Кыргыз коомчуулугу ачык, тигил же бул окуяларга тез реакция кылган коом, коомдун пикири менен мамлекеттик бийлик эсептешкен өлкө.

Бирок, бизди Россиянын расмий бийлик адамдарынын: Володин, Миронов, Жириновский жана башка сүйлөшүп алгандай синхрондуу, бир маңызда жасаган билдирүүлөрү тынчсыздандырат. Алар өз билдирүүсүндө орус тилдүүлөргө акарат кылган кыргыз граждандарын Россияга киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алууга чакырык ташташты.

Эгер алардын билдирүүсү жөнөкөй улутчулдардын билдирүүсү болсо, көңүл бурулбай калмак. Бирок, алар мамлекеттик жана коомдук ишмер адамдар, алардын билдирүүсү улут аралык ишенбөөчүлүккө жем таштайт. Россиядагы укук коргоо органдарын, Россиядагы улутчул кыймылдардын өкүлдөрүн активдүү аракеттерге шыктандырат", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости