www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душанбеде ЛГБТ-коомчулугунун 10 өкүлү жарандарга ВИЧ-инфекциясын жуктурган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Баротали Хамидзода 15-февралда басма сөз жыйынында билдирди.
"Кармалгандардын баары эркектер. Алар 86 кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурган деп шектелүүдө", – деди Хамидзода.
Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода кумсалар атайылап адамдарга ВИЧ жуктурган учурлар көп экенин билдирди.
"Милиция кызматкерлери жарандарга атайылап ВИЧ-инфекциясын жуктурган ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүн кармап жатышат. Албетте, бул маселе эл аралык уюмдардын көзөмөлүндө. Кумсаларга же лесбияндарга каршы атайын рейддер жүргүзүлгөн жок. Бирок алар дайыма биздин көзөмөлүбүздө", – деди министр.
Азырынча кармалган ЛГБТ өкүлдөрү адвокаттар менен камсыздалган-камсыздалбаганы белгисиз.