www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык профессор Сауле Омарова криптовалютага атаандаш. Өз иликтөөлөрүндө ал банк тармагына криптовалютанын коркунучун деталдуу түрдө көрсөткөн.

АКШнын президенти Джо Байден Корнелл университетинин профессору Сауле Омарованы акча агымын көзөмөлдөө (Office of the Comptroller of the Currency, OCC) Башкармалыгынын башчылыгына дайындоону пландап жатат. Бул башкармалык Американын банк секторунун негизги жөнгө салуучусу болуп саналат. Бул тууралуу Bloomberg.com билдирди.

Мекемедеги кызматкерлер Сауле Омарова бир жуманын ичинде бөлүмдүн ишине катыша турганын ырастады. Бирок Ак үй бул боюнча расмий түрдө маалыматты тастыктаган жок. Бул кызматка Казакстандандык Сауле Омарова дайындалса анда АКШнын тарыхында биринчи жолу банк секторунун башкы жөнгө салуучусу аял болот.

"Банк секторунун башкы жөнгө салуучу орган өлкөнүн эң ири кредиторлоруна анын ичинде JPMorgan Chase & Co., Bank of America Corp. жана Citigroup Inc. мониторинг жүргүзөт. Корнелл университетинде укук сабагынан сабак берген Омарованы тандоо Уолл Стритке оңой болбойт. Катуу көзөмөл жана катуу эрежелер киргизилет деп күтүлүүдө», - деп жазган макаланын автору.

Белгилей кетсек, ушул жылдын август айынын башында АКШнын Каржы министрлиги Валюта көзөмөлдөө департаментинин башчылыгына Сауле Омарованын талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. Ага чейин бул кызматка эки талапкер болгон. Бирок, демократиялык партиянын ичинде өз ара тартыш болуп, Ак үй эки талапкерди тең четке кагып, профессор Сауле Омарованы карай баштаган.

Айта кетсек, Сауле Омарова АКШнын Корнелл университетинде иштейт. Ал банк укугу боюнча профессордук наамга ээ. Москва мамлекеттик университетинде (1989), Висконсин университетинде (1999) жана Түндүк-Батыш университетинде (2001) окуган. Юридика илимдеринин доктору. Ал казак, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости