www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден Орусияга эмнени эскертти?

АКШ президенти Джо Байден мамлекет башчы катары алгачкы чет өлкөлүк сапарын баштап, Британияга барды. Ал жерде жайгашкан америкалык базадагы аскерлеге кайрылып, Байден президент Владимир Путин менен кездешүүдө Орусияны ар кандай “зыяндуу” аракеттерге барбоого чакырарын айтты:

“Биз стабилдүү жана бир калыптагы мамилелерди каалайбыз. Бирок Орусия өкмөтү кандайдыр бир "карасанатай" иштерге бара турган болсо, АКШ конструктивдүү жана олуттуу жооп кайтарарын кесе айтам”.

Америкалык жетекчи ошондой эле Вашингтон өнөктөштөрү менен бирге демократияны коргоого даяр деп белгиледи.

Путин менен Байдендин жолугушуусу 16-июнда Женевада өтмөкчү.

Ак Үйдүн маалыматына караганда, президент саммитте Украина маселесин козгойт. Орусия 2014-жылы кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннекисялап, Кремль колдогон жикчилер Украинанын чыгышындагы ири аймакты өз көзөмөлүнө алышкан. Москва жикчилерди колдой турганын танып келатат.

Байден администрациясы ошондой эле Орусияны оппозиционер Алексей Навальныйды камаганы үчүн сындап жатат.

АКШ президенти бейшембиде британ премьер-министри Борис Жонсон менен жолугушмакчы. Тараптар 1941-жылы Уинстон Черчиль менен Франклин Рузвельт макулдашышкан Атлантикалык хартиянын жаңы версиясын сунуш кылары айтылган.

Европа сапарынын алкагында Байден “Чоң Жетинин”, НАТОнун саммиттерине катышып, европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Ал мурдагы президент Доналд Трамптын “Баарынан мурда Америка” деген тышкы саясатынан улам жабыркаган салттуу өнөктөштөр менен мамилелерди оңдоону көздөп жатат.

“Чоң Жетиге” АКШдан тышкары Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости