www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын кызматтан кетип жаткан премьер-министри Борис Жонсон келерки сентябрда азыркы баш катчы Йенс Столтенберг кызматтан кеткенде НАТОнун лидери болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу «The Daily Telegraph» гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, жогорку кызматтагы торилер НАТОнун кийинки баш катчысынын кызматына Борис Жонсондун талапкерлигин колдошот. Жонсонго чейин бул кызматка Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес, ошондой эле Британиянын мурдагы премьер-министрлери Тереза Мэй жана Дэвид Кэмерон талапкер катары эсептелген, деп жазат гезит.
Басылманын маалыматына караганда, Евробиримдиктин жаңы армиясын түзүү боюнча АКШнын пландарын байма-бай жарыялаган европалык саясатчылардын ишенбестигинен улам НАТОнун баш катчысынын кызматына Британиянын өкүлү көптөн бери сунушталып келген.
2019-жылы Тереза Мэйдин ордуна премьер-министр болгон Жонсон 7-июлда премьер-министр жана Улуу Британиянын консервативдик партиясынын лидери кызматынан кетерин жарыялаган. Ал министрлер кабинетинин жаңы жетекчиси дайындалмайынча ишин улантат.
Британ кабинетиндеги бир катар отставкалар Борис Джонсондун өкмөтүндөгү эки негизги министрдин – каржы министри Риши Сунактын жана саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавиддин кызматтан кетиши менен башталды.
Булак: NazarNews.kg