www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу да Олимпиадага барат

Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу (66 кг) Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган болду. Ага жолдомо континеналдык квота боюнча берилет.

Кубанычбек Айбек уулу Олимпиадага катыша турган экинчи кыргызстандык дзюдочу болууда. Буга чейин 90 кг салмакта Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингдеги ордун бекемдеп (учурда 5-орунда), Олимпиадага лицензия ала турган болгон. Белгилүү болгондой, алгач, жолдомо дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 17 орунда турган спортчуларга берилет. Андан тышкары калган спортчуларга континенталдык квоталар берилет. Аны да рейтингдеги көрсөткүчтөрү жакшы болгондор алат.

Азырынча эки спортчуга жолдомо берилери тууралуу расмий кабарлана элек. Расмий маалымат 25-июнда чыгат.

Азыркы тапта Кыргызстанда Олимпиадага расмий 12 жолдомо бар: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Эрназар Акматалиев (74 кг), Айаал Лазарев (125 кг), Сардана Трофимова (жөө күлүк).

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости