www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тил илиминде «Э» тамгасы жана тыбышы абдан өзгөчө, стратегиялык орунду ээлейт. Анын негизги өзгөчөлүктөрүн фонетикалык, морфологиялык жана тарыхый деңгээлде караса болот. Бул тууралуу Рахат Култай билдирди.

"Төмөндө «Э» тамгасынын тилдеги орду негизги 4 пункт менен түшүндүрүлөт:

1. Фонетикалык орду (Тыбыштык өзгөчөлүгү)

Кыргыз тилиндеги 14 үндүү тыбыштын ичинен [э] — эң көп колдонулган негизги тыбыштардын бири. Ал тил алдындагы (кууш эмес, кең да эмес, орто кеңдиктеги), эринсиз үндүү тыбыш.

Эгиздик касиети: Кыргыз тилинде [э] тыбышы созулма түрүндө да кездешет жана ал жазууда эки тамга менен жазылат: ээ (эне – энелүү, эли – ээли). Созулма «ээ» сөздөрдүн маанисин айырмалоочу касиетке ээ (мисалы: эр — күйөө же баатыр, ал эми ээр — атка токулуучу буюм).

Сингармонизм мыйзамы: «Э» тыбышы ичке үндүү болгондуктан, сөздөгү калган муундарды да ичкерип айтылууга мажбурлайт (мисалы: эне-лер-ибиз-дин).

2. Морфологиялык орду (Сөз жасоочу касиети)

Кыргыз тилинде бир гана «Э» тамгасынан турган, бирок тилдин бүтүндөй курулушун кармап турган эң маанилүү уңгу сөздөр бар:

ЭЛ, Элдик, Энчи, Элчи, Элчилик, Эм, Эмдөө, Эс, Эс-тутум, Элпек, Эпчил, Эр, Ээр, Эрк, Эркиндик,  
Эне, Эже, Эшик, Эртең, Эмерек, Эгин, Элик, Эчки, Эмгек, Эреже 

Кыргыз тилиндеги эң негизги көмөкчү этиш — э- (экен, эмес, эле) этиши. Бул «Э» уңгусунан таралган формаларсыз кыргыз тилинде чактарды, татаал этиштерди жана тануу (отрицание) формаларын куруу мүмкүн эмес.

Мисалы: Ал келе жаткан эле; Бул меники эмес; Көрсө, ал жакшы киши экен.

Сүрөмө сөздөр жана илептер: «Э!», "Ээ" же «Эй!» деген жалгыз тыбыштуу сөздөр тилде чакырык, таң калуу же көңүл бурдуруу маанисин билдирет.

3. Лексикалык орду (Жыштыгы)

«Э» тамгасы кыргыз тилиндеги эң байыркы, уңгу сөздөрдүн башатында турат. Бул тамгадан башталган сөздөр адамдын коомдогу эң башкы баалуулуктарын сүрөттөйт:

Эл, Эне, Эмгек, Эрк, Эс, Ээ (ээси).
Сөздүктөрдү барактасак, «Э» тамгасынан башталган сөздөрдүн көлөмү абдан чоң орунду ээлейт жана алардын басымдуу бөлүгү түпкүлүктүү түрк сөздөрү болуп саналат.

4. Алфавиттик жана орфографиялык орду

Кыргыз алфавитинде «Э» тамгасы 31-орунда турат.

Жазуу эрежеси : Кыргыз тилинде сөз башында дайыма «Э» жазылат. Мисалы: элек, элик, эшик, эмерек. "Елек, ешик, емерек, ертең" деп жазуу одоно ката болуп саналат.

Ал эми сөз ортосунда же аягында келгенде, анын алдында үнсүз тыбыш турса, орус тилинин таасири менен «Е» тамгасы аркылуу белгиленет (кеме, терезе), бирок [э] деп окулат. Бул эреже тил илиминдеги график-орфографиялык өзгөчөлүк болуп саналат.

Созулуп айтылган учурда э тамгасы жазылат. Мисалы: "кичиреек" эмес - кичирээк, "меерим" эмес - мээрим, "зеендүү" эмес - зээндүү, ж.б.

«Э» тыбышы — кыргыз тилинин гана эмес, жалпы түрк тилдеринин фонетикалык жана грамматикалык пайдубалын түзгөн, эң жогорку жыштыкта колдонулуучу «энергиялуу» тамга.

Бизди кыргыз тилинен ушундай окутушкан, мен да ушундай окутуп келгем, окута берем", - деди Рахат Култай.

Последние новости