www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-2024-жылдары Кыргызстанда инфляциянын темпи төмөндөшү күтүлүүдө. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) макроэкономикалык божомолунда билдирди.
ЕАӨБдүн аналитиктери сентябрда өлкөнүн жылдык инфляциясы 15,5 пайызды түзгөнүн эсептеген. Баалардын турукташышына сом наркынын долларга карата бекемделиши, ошондой эле сырткы жана ички рыноктун таасири азайганы өбөлгө болгон.
Божомолго ылайык, дүйнөлүк азык-түлүк рыногу тараптан инфляциялык таасирдин азаюу тенденциясы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин сакталат. Мунун арты менен Кыргызстандагы инфляция 14 пайызга чейин төмөндөйт.
Инфляция боюнча божомол:
2022 — 14 пайыз;
2023 — 5,2 пайыз;
2024 — 4,8 пайыз.
Булак: NazarNews.kg