www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия курамына кирген Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Кытай көз карандысыз эл аралык валюта-финансы системасын түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Eurasia Today жазып чыкты.
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди.
Долбоор марттын аягына чейин талкууга коюлары күтүлүүдө.
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына караганда, бул система жаңы эл аралык валютага негизделип, уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын жана товарлардын баасына улуттук индекси катары эсептелет.
Мындай чечим ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташтыгы боюнча видеоконференциянын жыйынтыгында кабыл алынды.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев конференцияда өлкөлөр дүйнөлүк экономиканын басаңдашына байланышкан жалпы тобокелдиктерди жана ЕАЭБ мамлекеттерине, Кытайга карата чектөө чараларын эске алуу менен биргелешкен долбоорлордо кызматташууга тийиш деп баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg