www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Евразия экономикалык комиссия жана Плеханов атындагы Россиянын Экономикалык университетинин Жогорку инженердик мектеби "ЕАЭБде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо: эл аралык кызматташтыктын абалына жана өнүгүүсүнө баа берүү" аталышынданы тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу ЕЭК кабарлады.

Анда ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова уюмда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комплекстүү кызматташуунун натыйжасы экенин белгиледи.

Тегерек столдо уюмдагы керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу жана коргоонун актуалдуу маселелерин, ошондой эле керектөө рыногунун ачыктыгын камсыздоо боюнча мүчө мамлекеттер тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер талкууланды. Ошондой эле ЕАЭБде керектөөчүлөр кыймылынын мамлекеттик органдар жана комиссия менен натыйжалуу иш алып баруусун уюштурууга көңүл бурулду.

"ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү сурамжылоодо респонденттин 40 пайызга жакыны керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы абалды жагымдуу деп баалаганын көрсөткөн. Бирок ошол эле учурда 83 пайызы маалыматтын жетишсиздигин жана аталган тармакта билим алуу муктаждыгын белгилешкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Талкуунун жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгы айтылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости