www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АЭБдин бирдиктүү товар өткөрүү тармагы Кыргызстан үчүн коңшу мамлекеттер аркылуу жүк ташуу үчүн пайдалуу. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Экинчи евразиялык конгрессинде билдирди.
Ал бирдиктүү товар өткөрүү тармагына арналган сессияда сөз сүйлөдү. Министр өлкөгө класстердик система керектигин, бул экспорттук потенциалды жогорулатарын айтты. Ал Соода-логистикалык борборлор да керектигин, азыр Кыргызстанда тогузу бар болсо, дагы алтоо курулуп жатканын белгиледи.
"Пандемия өткөн жылы өлкөлөрдүн экономикасына зыян келтиргенине карабастан Кыргызстандын экспорту көбөйдү. Бизде коңшу мамлекеттерди жана биримдиктеги өлкөлөрдү айыл чарба продукциясы менен камсыздоодо көлөм жагынан маселе жаралды", — деген министр.
Ал бирдиктүү товар өткөрүү тармагы бир катар көйгөйлөрдү чечет деп эсептейт.
"Биз коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу товарларды ташууда белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Бул жерден көйгөйлөр чечилерин көрүп турам", — деди министр.
Ал ошондой эле бирдиктүү товар өткөрүү тармагында жол транспортуна басым жасоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg