www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин лидерлери Орусиядан мунай импорттоого жарым-жартылай тыюу салуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Чарльз Мишель Twitter баракчасына жазды.

Анын айтымында, санкциялардын алтынчы пакетинин алкагындагы келишим Орусиядан мунай импорттоонун үчтөн эки бөлүгүнө дароо кесепетин тийгизет.

Ошондой эле ал Евробиримдиктин алтынчы санкциялык пакети башка чараларды да камтый турганын кошумчалады. Мисалы, Сбербанкты SWIFT системасынын ажыратуу, ЕБ аймагында россиялык үч телеканалды көрсөтүүгө тыюу салуу жана жеке санкциялар.

Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакети расмий макулдашуу жана бекитүү процедурасынан өтүшү керек.

Кечээ, 30-майда башталган ЕБ мамлекеттеринин башчыларынын Брюсселдеги кезексиз саммити бүгүн да уланат. Алар Орусияга карата чектөөлөрдү да талкуулашмакчы. Европа мамлекеттери бир айга жакын убакыттан бери РФке салынуучу санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып, беките албай келишет. Анда мунай заттарына жарым-жартылай же толук эмбарго коюу маселеси бар.

Бирикменин кээ бир мамлекеттери, тагыраагы, Венгрия мындай чечим өз экономикасына тескери таасирин тийгизет деп чочулап, жогорудагы чечимдин кабыл алынышына блок коюп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости