www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдикке антиорусиялык санкциялардын жетинчи пакети боюнча иштөө бир топ кыйын болот. Бул туурасында Euractiv порталына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Аталган басылма атын атагысы келбеген дипломатка таянып жазган. Ал Евробиримдик өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилеринин жолугушуусунан кийин комментарий берген.
"Эгерде эмитен эле орусиялык мунай жаатында азыркыдай башаламан кырдаал болуп жаткан болсо, газга тыюу салган сунуштан кийин эмне болорун элестетип көрүңүз... Москвага каршы санкциялардын жетинчи пакетин иштеп чыгуу бир топ оор болот... Биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздүн аягына чыгуунун босогосунда турабыз. Ошондо жетинчи пакетте эмнелер камтылат?" — деген дипломат.
Анын пикирине караганда, ЕБдин аткаруучу органы орусиялык энергоресурстан баш тартуу планы жаатында сунуш киргизгенден кийин Еврокомиссия менен Будапешт сүйлөшү мүмкүн.
"Бул маселени ЕБ саммитинин деңгээлине эч ким көтөрүп чыгууга кызыкдар эмес. Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбан катуу кысым болорун билгендиктен ага чейин кандайдыр бир чечим издеген жок", — деген дипломат.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Орусияга карата бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. ЕБдин санкцияларынын алтынчы пакети мунай эмбаргосун камтыган, бирок бир катар мамлекеттер, тагыраагы, Венгрия анын кабыл алынышына макул эмес.
Президент Владимир Путин Орусияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле алып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу. Лидер азыркы болуп жаткан окуялар Батыштын саясатта да, экономикада да глобалдуу үстөмдүк кылам деген нерсесин четке кагат. Анын айтымына караганда, Орусия обочолонуп калбайт, заманбап бул дүйнөдө аталган мамлекетти болуп көрбөгөндөй кылып четке бөлүп салуу мүмкүн эмес.
Орусия ТИМинин Экономикалык кызматташуу боюнча департаментинин директору Дмитрий Биричевский Орусия газы менен мунайынан баш тартуу европалык жана дүйнөлүк экономикага кесепетин болуп көрбөгөндөй тийгизерин эскерткен. Анын айтымына караганда, Европанын россиялык газ жана нефтисиз жашоосу болбойт. Алар жапырт экономикага өтүп, башка аймактардан аталган продукция бере тургандарды тапкан күндө дагы энергоресурстардын 80 пайызын гана алмаштыра алат.
Эксперт санкциялардан улам асмандап кеткен рекорддук баалар жогорку чек эместигин эске салды. Демек, бул тармактагы кымбаттоо дагы уланат.
Булак: NazarNews.kg