www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги эгер Орусия Украинага чабуул жасаса колдонула турган катуу санкциялар топтомун даярдады. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-февралда журналисттерге билдирип, Москванын коңшусуна карата аракеттерин алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланып жатканын билдирди.

“Биз ишенимдүү жана бардык нерселерди эске алган финансылык жана экономикалык санкциялар пакетин даярдадык. Ал нерселер чет элдик капиталды чектөөнү жана экспорттук көзөмөлгө, өзгөчө техникалык товарларды да камтыйт”,-деген ал Handeslblatt жана Les Echos басылмаларына берген интервьюларында.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 3-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Макрон 7-февралда Орусияга, 8-февралда Украинага бара турган болгон.

Бул арада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда Киевге барып, украин лидери Владимир Зеленский менен Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады. Эрдоган андан ары Москвага барары күтүлүүдө.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

Бир тараптан АКШнын, Европа Биримдиктин, НАТОнун, экинчи тараптан Орусиянын өкүлдөрүнүн ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. Президенттердин, министрлердин деңгээлиндеги диалогдон кийин да тараптар өз позицияларында кала берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости