www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбеде Европа биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 17-жолугушуусу өтүп жатат.

ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель, Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин эл аралык кызматташтык боюнча комиссары Ютти Урпилайнен катышып жаткан жыйында Ооганстандагы кырдаал талкууланып жатат.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, жыйын жабык өтүүдө. Андагы негизги тема — бийликке дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук уюм катары тыюу салынган "Талибан" кыймылы келгенден кийинки Ооганстандагы кырдаал болууда. Жыйындык соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррелдин Тажикстандагы сапары 24-ноябрга чейин уланат. Анын алкагында ал өлкө президенти Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болуп, тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугат.

Бир нече күн мурда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанда миллиондогон адам ачарчылык коркунучуна кабылып, өлкө калкынын дээрлик баары жакырчылыктын чегинде турганын билдирген.

Өткөн айда ЕБ комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик "тилектештиктин глобалдык демилгелеринин" алкагында 1 миллиард евролук "Ооганстанды колдоо пакетин" бере турганын билдирип, биримдикке мүчө өлкөлөрдү буга салым кошууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости