www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда социалдык тармактарда, «вотсапта» антикытайлык маалымат, маанай күч алды. Кытайда миңдеген кыргыздардын кайра тарбиялоочу лагерлерге зордук менен алып кетилиши антикытайлык маанайды ого бетер күчөттү. Мына ушулар Бишкекте антикытайлык митингдерге да алып келди.

Кыргызстандыктардын, өзгөчө кыргыздардын Кытайдан ушунчалык чочулашына, коркушуна негиз барбы? Мындай маанайга башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары “май чачып”, козутуп жатпайбы? Кыргыздар антикытайлык чуу менен Кытайдан келип жаткан экономикалык өсүү толкунунан, регионалдык орчун долбоорлордон четтеп калбайбы? Бул дагы ойлоно турган маселелерден.

Албетте, 1.4 млрд калкы бар, экономикалык жактан өнүккөн (ИДПсы 15 трлн долларга жакындап баратат) Кытайдан 6 млн калкы бар, экономикалык жактан чабал Кыргызстандын чочушуна негиздер жетиштүү. Кыргызстан эле эмес, азырынча экономикасы, аскерий жана башка жактары боюнча да дүйнөлүк биринчи держава болуп турган АКШ да Кытайдан чочулап, түрдүү чараларды көрүп жатат. Бул эми өзүнчө узун кеп…

Кыргызстандын чочулоосуна болсо тарыхый да, объективдүү да себептер жетиштүү. Азыркы кезде кытай коркунучу чакан республиканы ар тараптан каптап, кыргыз калкы үчүн экзистенциалдык коркунуч жараткан деңгээлге жакындап баратат. Маселен, Кытай компанияларынын Кыргызстан кендерин өзүбүздүн коррупционерлер менен биргеликте талап-тоноп, экологияга эбегейсиз зыян келтирип жатышы, мына ошол компаниялар менен кошо жылма миграциянын күч алышы азганакай кыргыз калкы океандай болгон Кытайга сиңип кетет, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготуп алат деген кооптонуулардын өзөгү, булагы болууда.

Кыргызстанга шарттары түшүнүксүз берилген Кытай насыялары (2 млрд доллардын тегереги) кооптонуу, чочулоолорду ого бетер күчөтүүдө. Бул эми объективдүү жагдайлар.

Бирок, мына ушул жагдайлардан пайдаланып, кыргыз-кытай мамилесин бузууну көздөгөн чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары да жок эместигин унутпоо керек. Кошмо Штаттар, Россия Кытайдын атаандаштары. Өзгөчө АКШ Кытайдын “Бир алкак жана бир жол” деген долбоорун, насыяларын сынга алып, анын натыйжасында Кытайдын дүйнөдөгү, региондогу таасирин азайтууга умтулууда. АКШ жетекчилеринин бул багыттагы билдирүүлөрү ачык айтылууда. Ошондуктан Кыргызстандагы антикытайлык маанайга атайын кызматтар “май чачып” жатпайбы деген түкшүмөл пайда болот…

Мына ошол ири мамлекеттерди геосаясий күрөшүндө Кыргызстан кайсы бир тараптын айдактоосу менен Кытай бийлигин катуу таарынтып, көп пайдалуу долбоорлордон, жардамдардан кур калышы ыктымал… Кытайдын 1 млрд юань гранты менен Бишкектин жолдору оңдолгонун эле эске алып көрсөк…

Ошондуктан Кытай менен мамиледе өтө аяр болуп, анда болуп жаткан экономикалык, технологиялык өсүштөрдү республика үчүн пайдалануудан обочолонуп калбоо керек. Ошол эле учурда кендерди талап тоноого, экологияны талкалоого жол бербей, жылма миграцияны токтотууда Чек ара, Мамлекеттик миграция кызматтарын абдан так, дыкат иштөөсүн камсыздоо эң зарыл. Бул мамлекеттин колундагы иш…

Айданбек Акматов

Булак: "Жаңы Ордо"

 

Последние новости