www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жыл бою президент Сооронбай Жээнбеков “Жаңы кодекстер ишке кирет, аны менен кошо соттук-укуктук реформалар комплекстүү жүргүзүлө баштайт” деп келди. Муну менен Жээнбеков жарандык коомдун, саясий куугунтуктан жабыркагандардын сот системасын реформалоо талабына жооп беримиш болуп, аларды жооткотуп келди.

Бирок, макталган жана рекламаланган кодекстер менен президент эле эмес, аларды бир нече окууда кабыл алган парламент мүчөлөрү да эч бир тааныш эмес болуп чыкты. Муну “түкүрүк” үчүн 5500 сом айып пулга калк “түкүрүп”, ал эми парламент мүчөлөрү  “шок” болушунан, президенттин болсо унчукпай кутулуусунан көрүп жатабыз.

Жол жүрүү эрежелерин бузуу боюнча айып пулдардын ченемсиз өсүүсү да калктын кескин нааразылыгын пайда кылып, өкмөт, парламент кодекстеги ал “жаңылыктарга” эси кетип олтурат.

Мына ушундай “жаңылыктардан” улам калктын көтөрүлүп кетүүсүнөн чочуган өкмөт (калктын көтөрүлүүсү заматта экенин антикытайлык митинг көрсөттү) МАИ кызматкерлеринин көчөгө чыгуусун чектеп, айып пул мыйзамын реалдуу иштетүүнү кечеңдетип, басаңдатып жатат.

Жаңы кодекстер “түкүрүк, жол эрежелери” эле эмес, башка тараптарда да эпсиз баш-аламандыктарды алып келиптир. Эми аларды жөнгөрүү үчүн 200 мыйзам долбоору, 600 токтом керек экен. Мына өкмөт, парламентке иш! Алар өздөрүн-өздөрү бир нече жылга иш менен камсыздап алышты. Европа же дагы башка жактан дагы миллиондоп грант алынса... Жыргал да...

Ал эми экономиканы көтөрүү, калктын турмушун оңдоо булардын колунан эмес, оозунан да келбеген иш болуп калды...

Кодекстер менен болгон коллизиялар Кыргызстан бийлиги, парламенти канчалык кесипкөй эместигин, мыйзам долбоорлорго кандай үстүрт мамиле жасашын даана көрсөттү.

А.Акматов

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости