www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, эр жигиттин бир милдети там салуу экени, баарыбызга маалым. Там салган, бак тиккен, балага жакшы ат койгон бул эркектин милдети. Ар бир жигит энеден эркек болуп төрөлгөн соң,өзүнүн милдетин аткарганы туура. Бирок, там салып коюп анын карызынан кантип кутлуу керек экенин орусташып жана арабдашып кеткен жарандарыбыз биле беришпесе деле керек. Анткени аларга өз улутунун улуулугу эмес, башка улуттун салт-санаасы көбүрөөк кызыктырганына турмуш өзү күбө. Ооба, бул эми чындык. Чындыкты көтөрө билген дагы жакшы сапат.
Анткени киргиздешкендер менен динге катуу берилип кеткендерге сабак болсун үчүн эле айтылган сөз. Айткандай заңгыратып, хан сарайларды салып, байлыгын көрсөткөндөр да жок эмес. Бирок, ошол салган тамдын карызынан кантип кутулуу керек экенин билбегендерге кеңеш үчүн жазууну туура көрдүк. Ооба, ар бир нерсенин карызынан кутулуу керек. Кантип?
Мисалы, салган тамдын милдетинен кутулуу учүн, үйгө киши-кара кирип-чыгып турушу керек экен айтылат. Ооба, үйдүн ичинен баланын үнү жаңырып, үйгө конок келип, чаң басып жаткан идиштер жуулуп, алар элге кызмат кылганда адам салган тамдын милдетинен кутулат экен. Идиштер да тилек кылышат имиш, мен атайын жасалган соң, элге кызмат кылсам деп. Конокко келген кишилер сөзсүз бата беришет. Берилген бата дагы өз милдетин аткарып, кабыл болсо кантип үйгө кут кирбесин. Бирок, жаңы киргиздер конок чакыргандан коркот, анткени үлпүлдөгөн аялдары идиш жууп, иш кылгандан качканын кантип танууга болот.
Андыктан, үйгө конок чакырып, бата алып, салган тамдын карыздан кутулганга аракет кылыңыздар.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg