www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн бойдон калууда жана кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

Аталган министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада катталган Эбола вирусунан улам пайда болгон оорунун жайылышын эл аралык маанидеги коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал (PHEIC) деп жарыялаганын маалымдайт.

ДССУнун жана эл аралык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын маалыматына ылайык, Ebola Bundibugyo вирусуна байланыштуу оорунун жайылышы тастыкталган учурлар жана өлүм учурлары менен коштолууда. Аймактагы өлкөлөрдүн бийлик органдары эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте байланышта болгон адамдарды аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, бейтаптарды обочолонтуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча комплекстүү эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эбола ысытмасы жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекциялардын катарына кирет. Оору жуккан адамдын же жаныбардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түз байланышта болгондо, ошондой эле булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба аркылуу жукпайт.

Последние новости