www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола ысытмасынын азыркы жайылышы тарыхтагы экинчи ири эпидемия болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу 27-июлда Bloomberg агенттиги билдирди.
«Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунун жайылышы жакынкы күндөрү байкоо жүргүзүү тарыхындагы экинчи эң чоң учур болуп калышы мүмкүн. Акыркы жумада вирусту жуктурган 856 жаңы тастыкталган учур катталды», — деп айтылат маалыматта.
Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун маалыматына ылайык, ооругандардын саны 3200 адамдан ашты, ал эми акыркы эки жумада Эболадан каза болгондордун саны дээрлик эки эсеге көбөйүп, 1405 адамга жетти.
Конго Демократиялык Республикасында буга чейинки эң ири экинчи эпидемия бир жылга жакын убакыт ичинде 2687 тастыкталган учурга жеткен. Ал эми азыркы Эбола жайылышы жарыялангандан кийин 10 жумага жетпеген убакытта бул көрсөткүчтөн ашып кетти.