www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табияттын кырсыгы айттырбай келет. Алардын бири жер титирөө. Адистердин айтымына таянсак, бир жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында 10 миңге жакын жер титирөө катталат.

Жер титирегенде эмне кылуу керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгачкы кадамдар жана коопсуздук эрежелери жөнүндө кеп-кеңеш берди.

- Кырсык башталганда уюлдук телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетүүгө аракет кылыңыз;

- Эгерде жер титирөө учурунда биринчи кабатта болсоңуз, анда 10-15 секунддан соң (биринчи титирөөдөн кийин) көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар;

- Жер силкинген кезде экинчи кабатта болсоңуз, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу (бурч, столдун асты ж.б.) керек. Эч качан терезеден секирбеңиз;

- Эгер жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз, туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс болуңуз. Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз;

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет.

"Зилзаланын болорун алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес. Эӊ көп жер силкинүү катталган Япония да мындай мүмкүнчүлүктөргө жете элек. Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл", - деп баса белгилешти ведомствонун маалымат кызматынан.

Жер титирөөдө ошондой эле өрт учурунда эч качан лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек. Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ. Бул жер титирөөнүн көбүрөөк чыгым болуусунун алдын алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости