www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук ишмер Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоону укук коргоо органдарынан талап кылууда. Бул тууралуу Байсалов өзү “Азаттыкка” билдирди. Ал экс-президент Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жалган маалымат бергенин өз иликтөөлөрүндө аныктаганын эске салды.
- Атамбаев 2002-жылы Түркиядагы бизнесин 45 миллиард түрк лирасына же 35 миллион долларга сатканын Башкы прокуратурага кайрылуусунда айтып берген. Бирок 45 миллиард лира ал кездеги курс боюнча 27 миң эле доллар экенин мен далилдеп бердим. Бул жөн гана арифметикалык ката аркылуу Атамбаев аны миллиондогон байлыгынын булагы катары көрсөтүүгө аракет кылган, - деди Байсалов.
Жарандык активист экс-президент жалган маалымат таратты деп эсептеп, кылмыш козгоо үчүн Башкы прокуратурага керектүү документтерди берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ал эми Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Байсаловдун билдирүүсүнө комментарий берүү зарылчылыгы жок деп эсептей турганын билдирди.
Былтыр 5-апрелде президенттик сайтка ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган. Анда ал башкы прокурурорго 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд. түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.
Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан эле.
12-апрелде президенттин басма сөз кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөр чаташып кеткени үчүн” кечирим сураган.
Эдил Байсалов Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булагын текшерүү зарыл деп байма-бай билдирип келатат.
Булак: "Азаттык"