www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөөчүлөр аз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эдил Байсалов пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, социалдык төлөмдөрдү негизинен ири компаниялар түзөт.

«Базардагы сатуучулар, мигранттар, дыйкандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна да, Социалдык фондго да эч нерсе төлөшпөйт. Бизде азыр көп төлөөчүлөр жок. Биз жарандарга пенсияга акча топтоо керектигин, мамлекет аларга эч кандай карыз эмес экенин түшүндүргүбүз келет», - деди ал.

Эдил Байсалов белгилегендей, концепцияга ылайык, пенсияга чыгуу үчүн айрым жеңилдиктерди алып салуу чаралары этап менен ишке ашырылат.

«Азыр бийик тоолуу аймактарда жашоо шарты башкача, баалар дагы Бишкекке караганда арзан. Ошондуктан пенсия жашын көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Бирок дароо эмес, акырындык менен, алты ай сайын. Бул аскер кызматкерлерине да, башкаларга да тиешелүү», - деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Белгилей кетсек, Социалдык фонд жарандарды мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо. Аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаеванын айтымында, жыл сайын жаңыдан келген пенсионерлердин 50 пайызы пенсияны мөөнөтүнөн мурда түзүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости