www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун социалдык блокту көзөмөлдөгөн орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан 13-сентябрдагы парламенттин жыйынында буга чейинки сынга алган сөздөрү үчүн кечирим сурады.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин белгилеп: "Кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр менен айткан болсом бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм", - деп билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Байсаловдун сөздөрү боюнча президент менен сүйлөшкөнүн, депутаттардан кечирим сурай турганын жана дагы бир жолу парламенттин беделине шек келтирсе, кызматтан кетерин белгилегенин айтты.

Белгилей кетсек, депутаттар каникулга тараар алдында Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. 

Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости