www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин менен Ким Чен Ындын делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөрү аяктап, тет-а-тет форматындагы сүйлөшүүлөрү башталганын президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирет.

Ал тактагандай, кеңейтилген сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулду.

"Россия менен КЭДРдин ортосундагы мамилелердин толук спектри аскердик-техникалык кызматташтыктын жана коопсуздук чөйрөсүндөгү пикир алмашуунун курч маселелерин камтыйт", - деп белгиледи Песков "Россия" телеканалына берген маегинде.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын лидери Россияга 2019-жылдан бери биринчи жолу келип жатат, ал Россия Федерациясына өзүнүн атактуу брондолгон поезди менен келди. 

Ким Чен Ынды сапарда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Чхве Сон Хи, Эмгек партиясынын Борбордук Комитетинин аскерий администрация бөлүмүнүн башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскердик комиссиянын башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости