www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт үйүнүн батыш тарабына чогулган митингчилер менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугушуп жатат. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 чакты жаран буга чейин президент Садыр Жапаров жолугушууга чыксын деп талап кылган.
Митингчилер 30 жылдан бери чечилбей жаткан турак жай маселесин чечүүнү талап кылууда. Байсаловдун айтымында, учурда мекемелер аралык жумуш тобу иштеп жатат.
«Министрлер кабинетине келгенде социалдык турак жай түшүнүгү Турак жай кодексинде дагы, кандайдыр бир планда, нормативдик актыларда дагы жок экенин билдик. Майыптар менен жетимдер унутта калган.
Өлкөнүн жетекчилиги биздин алдыбызга муктаж жарандарды турак жай менен камсыздоону кайрымдуулук кылып эмес, системалык негизде ишке ашыруу талабын койгон. Бул эң негизги приоритеттердин бири.
Бирок маселе мыйзам менен саясий эркте эле эмес. Мамлекетте каражат болгону маанилүү. Ошондуктан салыкты толугу менен чогултуу маанилүү. Бул каражат элге, медицинага, билим берүүгө, социалдык муктаждыктарга, анын ичинде турак жай менен камсыздоого жумшалат», - деди Байсалов.
Булак: NazarNews.kg