www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов Малазияга элчи болобу?

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун социалдык блокту көзөмөлдөгөн орун басары Эдил Байсаловго президент Садыр Жапаровдон эскертүү алды. Буга чейин парламенттин дарегине айткан сыны үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурап жатты эле. Эми минтип президенттин назарынан калып отурат.

Деги эле Байсалов ченебей көптү. Мурда сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктар тууралуу акыл айтса, төбөсүнөн көк буу көтөрүлчү. Азыр болсо ар кимге сөөмөй кезеп, зиркилдеп калды. Ошого жараша кыйраткан иши болсо бир жөн. Эмне кылып жатканын жан киши билбейт. Ак үйгө кирип чыкканына куштар болуп эле басып жүрөт, социалдык тармакта ар ким менен айтышып.

Айткандай, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Байсалов депутаттардан кечирим сураганда, эми дагы “косяк” кетирсе президент кызматтан кетерин билдиргенин айтты эле. Демек, президенттин Байсаловдун ишмердүүлүгүнө ичи чыкпай калыптыр, жакынкы арада кылы кыйшайып, үзөңгүдөн буту тая турган учур жакындап калган окшойт.

Албетте, иштен кетсе дагы такыр талаада калбашы турган иш. Балким, жакында эле иштен алынган Кыргызстандын Малазиядагы элчиси Алтынбек Жумаевдин ордуна элчи болуп кетеши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости