www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү менен Мамлекеттер аралык авиация комитетинин (МАК) төрагасы Олег Сторчевдун жолугушуусунда жарандык авиация тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттары жана учкучсуз авиациялык системаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын учкучсуз авиациялык системаларды жарандык авиацияда колдонууга багытталган сунуштамасынын долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мыйзамдык базаны өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу бул тармактын коопсуз жана натыйжалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн алыстан башкарылуучу авиациялык системалар боюнча Координациялык комиссиянын ишине катышуусу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул кадам учкучсуз системаларды аба мейкиндигине интеграциялоо, сертификациялоо, адистерди даярдоо жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин биргелешип чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жолугушууда учуу коопсуздугу, авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди иликтөө боюнча маалымат алмашуунун бирдиктүү мейкиндигин түзүү демилгеси да каралды. Бул багыт ЕЭКтин авиациялык окуялар боюнча интеграцияланган маалымат базасын түзүү аракеттери менен шайкеш келип, Евразия мейкиндигинде авиация коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Жыйынтыгында ЕЭК менен МАКтын ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2027–2029-жылдарга карата Планга кол коюлду.
Документ жарандык авиацияны өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында тараптардын өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого негиз болот.