www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүнүн Израиль менен болгон азыркы мамилелери тууралуу айтып берди.
Трамп америкалык «Axios» жаңылык порталына берген маегинде расмий Тель-Авив жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон мамилелерине баа берди.
«Эгер Нетаньяхудан сурасаңар, ал алардын бомбалары да, куралдары да бар экенин айтмак. Бирок Дональд Трамп болбогондо, Израиль жок болуп кетмек», — деди президент.
Нетаньяху менен болгон мамилеси тууралуу Трамп мындай деди:
«Биздин мамилелерибиз жакшы, бирок аларды дагы акылга сыярлык деңгээлде сакташыбыз керек».
Израилдин Ливанга кол салуусунун алдын ала алабы деген суроого Трамп:
«Ооба, алам. Израилде мени абдан сыйлашат жана менин айтканымды аткарышат», - деп жооп берди.