www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин Хургада шаарынын жанындагы Кызыл деңизде суу алдында жүрүүчү туристтик кеме чөгүп кеткенден кийин россиялык 6 жаран каза болду, деп маалымдады «Би-Би-Си».
Кызыл деңиз провинциясынын губернатору Амр Ханафинин айтымында, окуя бейшемби күнү болуп, кырсыкта 39 адам куткарылган.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.
«Би-Би-Синин» Каирдеги кабарчысы билдиргендей, «Sindbad» компаниясынын кемеси жээктен алыс эмес жерде чөгүп кеткен. Компания бир нече жылдан бери Хургада аймагында туристтик саякаттарды уюштуруп келген.
Россиянын Хургададагы консулу Виктор Воропаев «ТАСС» агенттигине 5 россиялык туристтин каза болгонун, алардын экөө жашы жете элек өспүрүмдөр болгонун билдирди. «ТАСС» ошондой эле 45 туристтин баары Россиянын жарандары болгонун жазган.
Бирок кийинчерээк провинциянын губернатору «Би-Би-Сиге» батискафта Индия, Норвегия жана Швециядан келген жүргүнчүлөр жана египеттик 5 адам болгонун билдирип, каза болгондордун баары россиялыктар экенин тастыктады.
Россиянын консулдугу берген маалыматка ылайык, батискаф менен болгон кырсык жээктен 1 километр алыстыкта, эртең мененки саат 10дор чамасында болгон.
Жаракат алгандардын арасында 4 адам оор абалда.