www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Верх-Исетск райондук соту баласын сатууга аракет кылган 36 жаштагы кыргыз жараны Н.А.ны 2 айга камакка алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө Н.А. акчага муктаж болгондуктан баласын 300 миң рублга сатууну көздөгөнүн айткан. Анын айтымында, акчаны насыя төлөөгө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген апасы менен бир тууганына жумшамак.
Аял 9-августта "Карнавал" соода борборунан кармалган. Баланы сатып алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн ыктыярчыларга аял улуу баласы мурдагы жолдошунан экенин жана кийинки жолдошу менен тил табыша албай жатканын, 300 миң рублга сатаарын айткан.
Учурда бала ооруканада, медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Аялдын дагы 2 баласы бар экени айтылды. Аларды тиешелүү органдар өз камкордугуна алат. Ал эми аял 8-октябрга чейин СИЗОго камакка алынды.
Булак: NazarNews.kg