www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки миңден ашык адам мүлкүн легалдаштырды

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамынын алкагында 2139 жаран декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтындагы маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, декларация толтургандардын ичинен 66 адамдын мүлктөрүнүн баасы 100 млн сомдон ашып, 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку салык төлөдү.

15-февралда президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына пост жазганда Кыргызстанда кирешени легалдаштыруу боюнча мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болорун эскертип, үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга катталганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирген. Президент мүлкүнүн баасын 20 миллион доллардын тегереги деп баалаган.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган. Жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам парламентте талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Бир нече депутат бул мыйзам коррупциядан туйтунган аткаминерлердин мүлкүн адалдаштырууга жол ачат деп кескин сындап чыгышкан. Мындай сындарга президент Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү жооп берип, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтып, инвестиция тартууга шарт түзүү керек экенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости