www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-сентярбда Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан” саясий партиясынын VI съезди коомчулуктун сынына кабылды. Анда алар мурунку шайлоо убагында берген убадаларын неге аткаларалбай калганын актануу менен ак көбүктөрү чачырап турган учурда, ошол эле партиянын логотибине элементардык сөздөрдү туура эмес жазып, аны бакыйтып илип коюшканы себеп болууда.

Бир жарым миң делегат катышкан жыйында өздөрү бакылдаган Жогорку Кеңештеги спикер баш болгон 18 депутатын айтпай мындай коелу, жок дегенде университетте 5 жыл окуган, американын килейген “Азаттыгын”, андан калса кыргыз мамлекетинин башкы телесин жетектеп, бир өлкөнүн идеологиясын сүйрөп жүргөн Кубат Оторбаев да бул каталарга унчукпаганы түшүнүксүз.

Мынча болду, соцтармактарда айтылып жаткан пикирлерге караганда, эртең Жогорку Кеңешке кайра эле ушул өңдөр, ушул эле жүздөр келиши күтүлүүдө.

Дегеле кыргыз коомчулугунун эртеңинен эмне күтсөк болот? Жакшы, “эки ката эч нерсе эмес” деген билим берүү министрин коомчулук какшап жүрүп араң дегенде жумуштан кетирүүгө түрткү берди. А бу кыргыз саясатын калчайбыз дегендерчи?..

Төмөндө соцтармактагы бир эле окурмандын - Бакытбек Абдуллаевдин пикирин берели:

“Бул партия жада калса датаны (туурасы: 22-сентябрь, 2019-жыл. Эми сүрөттү карагыла!) туура жаза албаптыр. Мамлекеттик тил күнүнөн бир күн мурдагы абалыбыз. Мамлекеттик тилдин 30 жылдык юбилейи боюнча сөз кылбай эле койгон оң...

«Кыргызстан» партиясы 2015-жылы «Башкалар убада беришет, биз аткарабыз!» деген ураан менен шайлоого аттанып, «Жети кадам» аттуу программасын жарыялаган. «Жети кадам» программасынын биринчи кадамы «Ыймандуу Кыргызстанды куруу» деп аталган. Анда байыркы жана диний каада-салттарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү белгиленген.

Мына - идеология, мына - саясат, мына - “Кыргызстан!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости