www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Менин билишимче, эки талапкердин өкүлдөрү БШКнын чечимдерин сотко берүүнү пландап жатышат», - деди БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов. Алардын мындай укугу бар, деди ал.
Бекматовдун айтымында, Бишкек административдик соту БШКнын чечимин карап, өз чечимин чыгарат. «Эгер алар административдик соттун чечимине макул болбосо, Жогорку сотко кайрыла алышат», - деди ал.
БШКнын мүчөсү кайсы талапкерлер тууралуу сөз болуп жатканын айткан жок.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда аралаш система боюнча өттү: 54 депутат партиялык тизме боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланды.
Булак: NazarNews.kg