www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуя Беларустун Брест облусунда катталды. Анда эки жаштагы кыз кокусунан апасын муунтуп өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-август күнү жаш үй-бүлө 2 жаштагы кызы менен Старое Село деп аталган айылга конокко келишкен. Наристенин апасы, 21 жаштагы Юлия Шарко автоунаанын терезеси аркылуу кызын алып жаткан учурда наристе терезенин жабуу механизмин басып алган. Натыйжада Юлия Шарко муунуп калган.

Бир топ убакыттан кийин гана муну көргөн күйөөсү терезени талкалап, “Тез жардам” чакырган. Оор абалда ооруканага жеткирилген жаш эне бир жумадан кийин өзүнө келбей көз жумган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости