www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕККУ байкоочулары: Кыргызстандыктар шайлоодон чарчады

Жогорку Кеңешке шайлоого көз салган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары 29-ноябрда маалымат жыйынын өткөрдү. Алар шайлоого элдин кызыгуусу жоголгону байкалганын билдириди.

Бирок ага карабай бийлик шайлоочулардын добуш берүү укугун чектебөөгө тийиш экенин эскертти.

ЕККУнун байкоочулары электрондук системадагы мүчүлүштүк тууралуу кенен маалымат берилиши керектигин айтышты.

Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда демократияны бекемдеп, шайлоо өнөктүктөрүн демократиялык принциптерге дал келгидей уюштуруу зарыл экенин белгилешти.

Парламенттик шайлоого 700дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салды. 29-ноябрда КМШ миссиясы, Түрк тилдүү парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) жана Ислам кызматташтык уюмунан келген байкоочулар Кыргызстанда шайлоо жогорку уюшкандыкта, эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн билдиришкен.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округу боюнча 21 саясий партиядан 1006, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала маалыматы боюнча, алты партия 5% чектен өтүп, шайлоодо утканы жарыяланды:

Добуш берүү бүткөндөн соң добуштардын жыйынтыгын чыгарууда БШКнын онлайн системасы бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени БШКнын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости