www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24–25-март күндөрү ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Хади Синирлиоглунун Кыргыз Республикасына жумушчу сапары өтөт.
Сапардын алкагында өлкөнүн жогорку жетекчилиги, ошондой эле Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги сыяктуу аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык багыттар боюнча коопсуздуктун үч өлчөмү талкууланары күтүлүүдө.
Тараптар ошондой эле аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча, анын ичинде Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, заманбап коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары боюнча пикир алмашып, ЕККУнун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.