www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Украинадагы байкоочу миссиясынын ишин токтотконун жарыялады. Москва миссиянын 1-апрелде аяктаган мандатын узартуудан баш тарткан.

ЕККУнун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау менен уюмдун башкы катчысы Хельга Мария Шмид Орусиянын позициясы аларды ушундай кадамга барууга аргасыз кылганына өкүнүчтөрүн билдиришти.

Буга чейин Орусиянын ЕККУдагы атайын өкүлү Александр Лукашевич миссияны жаңжал учурунда украин тарапка көмөктөшүүгө, анын ичинде брондолгон унааларды "Азов" батальонуна берүүгө айыптаган.

Кечээ Орусия ЕККУну орусиялык жана орусиячыл күчтөрдүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты Батыш жана Украина чалгын кызматтарына берүүгө күнөөлөгөн.

ЕККУнун миссиясы 2014-жылдан бери Украинада, анын ичинде Киевге баш ийбеген райондордо да мониторинг жүргүзүп келген.

Раунун айтымында, ЕККУ жаңжалга түздөн-түз көз салган, жер-жерлерде маалымат чогулткан, тынчтыкты орнотууда ортомчу болгон жана жай тургундар үчүн жаңжалдын кесепеттерин жеңилдетүү иштерин алып барган жалгыз эл аралык уюм болгон.

Украинадагы миссияда 814 эл аралык жана 477 жергиликтүү кызматкер иштеген. Орусия Украинага кол салгандан кийин дээрлик бардык байкоочулар өлкөдөн чыгарылган, бирок миссиянын административдик кызматкерлери өлкөдө калган, андан бери төртөө барымтага алынган.

ЕККУнун курамына 57 өлкө, анын ичинде Орусия менен Украина да кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости