www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экологияга зыян келтирип жаткан өндүрүштүк объектилерди бак отургузууга милдеттендирүү каралууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 23-январдагы жыйынында билдирди.

Ал бак-дарак отургузуу боюнча “Жашыл мурас” демилгеси быйыл да уланарын, мунун алкагында 10 миллиондой түп көчөт отургузуу пландалып жатканын айтты.

“Ким тарабынан тигилип, ким көзөмөлдөйт, көчөттөр каяктан алынат? Ушулар боюнча иш алып барып жатабыз. Экологияга зыяны чоң болуп жаткан ири объектилерди көчөт отургузууга милдеттендирели деп жатабыз. Мурда калктын санына жараша 7 миллион түп отургузулуп келген болсо, быйыл 10 миллиондон ашыралы деп атабыз”.

Министрдин маалыматына ылайык, "Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында 2022-жылы өлкө боюнча 8,5 млн, былтыр 7,5 млн түп көчөт отургузулган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости