www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турак-жайын камсыздандырбаган жарандардын электр жарыгын өчүрүү тууралуу сунуштап жаткан токтом долбоорун Экономика министрлиги артка чакыртып алды... 

Буга коомчулукта, өзгөчө социалдык тармактарда айтылган ачуу сындар негиз болду окшойт. Акылга сыйбаган сунуштары өз баштарына муш болгонун сезишип, кеч боло электе деп артка чакырып алышты. 

Ошентип, Экономика жана соода министрлиги турак жайды камсыздандырбаган жарандардын электр жарыгын өчүрүүнү караган токтом долбоорун талкуудан алып салды.

Документти кайра чакыртып алуу формулировкасы - кайра карап чыгуу зарылчылыгына байланыштуу болсо, же кайрадан оңдоп-түзөп киргизе турган болсо дагы да жаңылышат. Андыктан бул маселе актуалдуулугун жоготкон, элдин укугун тебелеген көрүнүш катары, кайра кайрылып келбей тургандай кылып биротоло жабуу керек. Эгер, акыл-эстүү болушса.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости