www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экотехинспекция мамлекеттик органдарга 682 миң сом айып салды

2020-жылы Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаарындагы аймактар аралык башкармалыгы тарабынан 2506 текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 1279 жазуу түрүндөгү эскертүү берилип, жалпы 4 млн 123 миң сом өлчөмүндөгү административдик укук бузуулар жөнүндө 328 протокол түзүлдү, алардын ичинен:

  • Мамлекеттик органдарга салынган айып — 682 миң сом;
  • Ишкерлерге – 2 млн 455 миң 500 сом;
  • Жеке адамдарга – 611 миң сом;
  • Башкаларга – 374 миң сом. 

Мындан тышкары, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок курулуштар боюнча сотко 83 доо арыз берилген.

Нускамада көрсөтүлгөн аныкталган бузууларды четтетүү боюнча кайрадан текшерүүнүн жүрүшүндө, анын ичинен 575и толугу менен бүткөрүлүп, жалпы жоюлган бузуулардын саны 2631 түздү.

Ошондой эле 2020-жылы 6187 кат келип түшкөн:

  • Мамлекеттик органдардан — 4533 кат;
  • 421 кат — ишкерлердин суроо-талаптары;
  • 1233 — жарандардын арызы.

6122 кат каралып, аткарылды, ал эми 65 кат 2021-жылга өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости