www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле экс-акимдин банктык эсебинен 13 миллион АКШ доллары табылды. Ал сумманын көпчүлүк бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Аким менен бирге анын бир тууган агасы жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү изделүүдө. Алардын баарына мамлекеттик каражатты негизсиз пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Жалпысынан бир туугандар мамлекетке 72 миллиард теңге зыян келтирген.
Казакстандын Атырау облусунун экс-акими Бергей Рыскалиев жана анын бир тууганы Аманжан Рыскалиевди казакстандын укук коргоо кызматкерлери 7 жылдан бери таппай келет. Сот аларга сыртынан жаза мөөнөтүн чегерип, ар бирин 17 жылга кескен. Андан сырткары, алардын эл аралык банктардагы эсептери тоңдурулуп, 50 батир, 44 жер участкалары мамлекеттин карамагына өткөн. Бергей Рыскалиевди акыркы жолу Лондондон көргөндөр болгон.
Булак: NazarNews.kg