www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов учурда Таиландда өтүп жаткан муай-тай (тай боксу) турнирине катышууда. 45 жаштагы Шайлообек Атазовдун башкы атаандашы болуп Таиланддын өкүлү Чиангкван Паномтед болмокчу.

Алардын беттеши 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө болот. Турнир өзү муай-тай боюнча эл аралык бокс федерациясынын колдоосу астында өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Шайлообек Атазов кесипкөй боксчу, ал 2006-жылы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугун, андан кийин дагы бир катар эл аралык мелдештерди жеңген.

Ал быйыл жазында соттун чечими менен мандатынан ажыратылган.

Последние новости