www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат бир айга камакка алынды

Алдамчылыкка шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Эмаком» курулуш компаниясынын мурдагы негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов 1,5 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын бөгөт чарасы 26-сентябрда Свердлов райондук сотунда каралды. Тергөөчүнүн өтүнүчү менен Жусупов тергөө аяктаганча 11-ноябрга чейин камакка алынды.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда милиция Бишкектеги курулуш компаниянын мурдагы негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалганын кабарлаган. Ал 33 жаштагы Жогорку Кеңштин мурдагы депутаты жана «Эмакомдун» мурдагы негиздөөчүсү Эмил Жусупов болуп чыккан.

 

Милиция билдиргендей, ал компаниядагы адамдар менен сүйлөшүп алып, акча төгүп үлүштүк негизде батир алам деген жарандарга 61 млн сом материалдык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Былтыр ондогон жарандар «Эмаком» компаниясына акча төгүп, үйүн ала албай жатканын айтып чыгышкан. Анда Эмилбек Жусупов депутат болгондон кийин компаниянын ишин башка адамдарга тапшырганын, «Эмакомго» тиешеси жок экенин билдирген. Ошондой эле ал компанияны башкарып жаткан адамдар үйлөрдү сатып, акчаны жеп кеткенин жазган. Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын, ага карата айтылган айыптоолор чындыкка коошпой турганын билдирген.

Последние новости