www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Динара Исаеванын уулу Азиз Мырзаев кримтөбөлдүн кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалганын маалымдады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди адалдоо") менен айып тагылып, Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.

" Азиз Мырзаев Көлбаевдин ишмердиги кылмыштуу экенин билип туруп, өзүнүн атына катталган чопкуттуу "Лексус LX570" автоунаасын Көлбаевге жана башка уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнө пайдаланууга берген. Шектүү Камчы Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгон, анын спорттук жана башка ищ-чараларын каржылап келген" деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы иликтеп-тергөө учурунда Дубай шаарындагы "Бизнес Бэй" деп аталган тандамал аймакта кармалган жаранга таандык 24 батири бар экени аныкталганын, батирлердин жалпы баасы 4,5 млн долларга барабар экенин кошумчалады.

Айрым маалымат каражаттары Азиз Мырзаев аттуу инициалдагы бул жаран - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Динара Исаеванын уулу - экенин жазып чыгышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости