www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. Ички иштер министрлиги ал 1-октябрда кечке жуук Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Министрлик тараткан маалыматта Касеновдун Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганы жазылган.

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси иликтенип жатат.

Кечээ, 1-октябрда саат 10:00 чамасында Касеновду беткапчан белгисиз адамдар кармап кетишкенин жакындары соцтармактарга жазышкан.

Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы ал жапырт мушташка катышканы үчүн кармалган. Маалымат сайттары анда мушташ Каракол шаарындагы таасир талашкан топтордун ортосунда чыкканын жазышкан. Милиция бул окуя боюнча иш козгогону маалымдалган.

Максат Касенов соңку кезде учурдагы бийликтин ишин сынга алып жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости