www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү саясатчылардын бири Ахматбек Келдибеков мыкты мамлекеттик кызматкер экенин эч ким тана албайт. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргыздын мыкты жигиттерине куугунтук жасап, алардын катарында турган Келдибеков дагы бар. Келдибеков социалдык фонддо иштеп турган убагында эң мыкты ишин алып кеткен. Ошондогу президент Атамбаев, Келдибековго жемкор деп макам такканы менен өзү кытайдан алган карызын Кыргызстандын жалпы журтуна мойнуна илип, “мультимиллиардермин” деп мактанганы менен өлкө карызга батты.

Баса, так ушул тапта Келдибековду каралоо башталды. Ага жооп катары Акматбек Келдибеков:

--Урматтуу окурмандар, буга окшогон бирөөнүн “заказын” аткарып жаткан жугундукорлого жооп жазыштын деле кереги жок. Мен далили менен билем кайсы телеканалда иштеген балдардын жасап жатышканын. Бирөөөгө кыянаттык кылсаң сөзсүз тирүүңдө башың менен жооп бересиң. Ушул нерсени унутпаш керек, - деди экс-спикер.

Келдибековду экс-депутат Жылдыз Джолдошова:

--Ким, кимди сатты ал чоң суроо? Экинчиден өтө өкүнүчтүү, дагы эле саясий заказдардын өрчүшү токтобогону. А.Келдибеков күчтүү, эрктүү саясатчы, тажрыйбасы мол финансист, чыныгы мамлекеттик ишмер. Сотто, атайын заказ менен каралаган мурунку бийликтин кылмыш иштерин, керек болсо прокуратура өздөрү «доказать» эте алган эмес. А.Келдибеков толук акталган, ага биз күбөбүз,  - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости