www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы премьер-министр Синдзо Абэнин өлтүрүлүшүнө байланыштуу бүгүн, 8-июлда Япония өкмөтүндө кризистик штаб түзүлдү. Анын лидери, премьер-министр Фумио Кишида бардык пландарын жокко чыгарып, дароо Токиого кайтып келди. Бул тууралуу «Киодо» агенттиги билдирет.
Министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацунонун айтымында, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида бул күнгө болгон бардык пландарын жокко чыгарып, дароо Токиодогу резиденциясына кайтып келет. Ага чейин премьер-министр өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Ямагата префектурасында болгон. Ал жерде 10-июлдагы парламенттин жогорку палатасына шайлоонун алдында үгүт иштерин жүргүзгөн.
Окуя болгон жерден тапанчадан бир нече жолу ок чыгарган адам кармалды. Ал 41 жаштагы жергиликтүү жаран Тецуя Ямагами болуп чыкты - Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн мурдагы морякы. Учурда ал милицияга сурак берип жатат, себеби азырынча айтыла элек.
Булак: NazarNews.kg